Жогорку Кеңештин бүгүн, 9-декабрдагы жыйынында жаңы депутаттар Альфия Самигуллина менен Таалайкүл Исакунова ант беришет.
Альфия Самигуллина Жогорку Кеңешке КСДП фракциясынан депутат болууда. Ал мурдагы депутат Акылбек Султановдун ордуна келет. Султанов 4-декабрда өз каалоосу депутаттыктан кетүү тууралуу арыз жазып, БШК анын өтүнүчүн канааттандырган.
"Кыргызстан" фракциясынан депутат болуп жаткан Исакунова Жогорку Кеңешке экс-депутат Канатбек Муратбековдун ордуна келди. Муратбеков 3-декабрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жетекчи болуп дайындалган.