Жаңы депутат Альфия Самигуллина Жогорку Кеңеште ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаңы депутат Альфия Самигуллина ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал КСДПнын тизмеси боюнча экс-депутат Акылбек Султановдун ордуна келди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Самигуллинаны салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.

Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан