Жогорку Кеңешке жаңыдан депутат болуп келген Таалайкүл Исакунова ант берди

"Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча жаңыдан депутат болуп келген Таалайкүл Исакунова Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы жыйынында ант берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Таалайкүл Исакунованы ант берүү аземи менен куттуктап, депутаттык ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Исакунова экс-депутат Канатбек Муратбековдун ордуна депутат болуп келди. "КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан