Максат Сабиров "Жайыт комитети акча жыйноодон башка эч кандай жумуш жасаган жок" деди

Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору 3-окууда каралууда.
Жыйында депутат Максат Сабиров Жайыт комитети жайыттардан акча жыйноодон башка иш аткарбай жатканын сынга алды. Депутаттын айтымында, Жайыт комитети сала турган көпүрөлөрдү өкмөт насыяга алынган акчалардын эсебинен куруп жатат. "Акча жыйнагандан башка жасаган ишиңерди көрбөй жатабыз. Ошол жыйналган акчалар кайда кеткени да белгисиз. Дагы бир маселе, жайыттардын чек арасын так белгилеп чыгуу керек",- деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан