Кыргыз жеринде жалпы 210дой курорт бар, мунун 20га жакыны өкмөткө караштуу

Кыргыз мамлекетинде жалпы 210дой курорт, санаторий бар. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда парламент жыйынында өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Мунун көбү жеке менчиктеги жана биргелешип башкаруудагы курорттор, өкмөткө караштуу курорттордун саны 20га жакын. Депутаттар өлкөдөгү жакыр жашаган жарандарга курорттогу жеңилдиктер сакталып калышы керектигин айтышты.
Акылбек Жапаров: "Бүгүнкү күндө курорттор ден соолукту чыңдоочу жай эмес, бизнеске айланып кетти. Курорттор акча табуу максатына өтүшсө, ал жерден ден соолукту калыбына келтирүү милдети жоголот",- деп билдирди.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан