“Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңеште “Сөөк көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши чөйрөсүндө коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө багытталган. Маркумдун сөөгүн жайына коюу үчүн жер тилкесин акысыз негизде берүү каралган.

Талкууда мыйзам долбоорунун кыргыз тилиндеги вариантына бир катар редакциялык түзөтүүлөр сунушталып, мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан