"Ден соолукту чыңдоочу жайлар жана курорттор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди

Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы жыйынында "Табигый дарылык ресурстар, дарылоочу, ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзамдын долбоору менен аракеттеги мыйзамдын бир катар жоболорун "Жер казынасы жөнүндө" жана "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамдарына ылайык келтирүү сунушталган.

2-окууда мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Садык Шер-Нияздын айтымында, өткөн айдагы талкууда мыйзам долбоору толук иштеп чыгууга жолдонгон. Анын негизинде комитет тарабынан мыйзам долбоору кайра каралып, “өзгөчө корголуучу жерлер” деген түшүнүктү мыйзамда калтыруу боюнча корутунду чыгарылган.

Талкууда жалпы республика аймагында 210дон ашуун санаторий-курорттук мекеме (мамлекетке тиешелүүсү 20га жакын) бар экени такталып, мындай жайлар мамлекеттин менчигинде калышы керектиги баса белгиленди. Ал эми саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөттө курорттордун баары элдин саламаттыгын эске алуу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагында болушу керек деген саясат жүргүзүлүшү зарылдыгын билдирди.

Мыйзам долбоору Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин корутундусунун негизинде 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан