Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга УКМКнын учурдагы иши жана өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу маалымат берилди.
Абдил Сегизбаев улуттук коопсуздукту, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан комплекстүү чаралар, антитеррористтик иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да айтып берди.
"Алмазбек Атамбаев менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында террористтик жана экстремисттик, ошондой эле алар менен байланышта болгон уюмдардын ишмердигин аныктоо жана тыюу салуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты",- деп билдиришти президенттик аппараттан.