Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына 27 гана депутат катышып жатат

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Жыйын залында жалпы 120 депутаттын 27си гана отургандыктан, депутат Акылбек Жапаров жыйынга катышпай жаткан депутаттардын айлыктарынын 50 пайызын кыскартып салууну сунуштады. Депутат Жапаров төрага Асылбек Жээнбековго кайрылып: "Мындай көрүнүш ушуну менен 4-жолу кайталанып жатат. Ар дайым эле "2-3 маселе калды, саат 14:00гө чейин иштеп коёлу" деп келесиз. Сиз анда элге радиодон айтып коюңуз, "14:00гө чейин иштеп, түштөн кийин иштебейбиз" деп. Биз 13:00дөн 14:00гө чейин тыныгууга чыгып, андан кийин ишти улантабыз деп чечим кабыл алганбыз. Эгерде ушундай боло турган болсо, депутаттардын айлыгынын 50 пайызын кыскартып салыңыз, тартип болуш керек да",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан