Москвада Кыргыз илим жана маданият үйү, Бишкекте Орусиянын Илим жана маданият борбору уюштурулат

Москвада Кыргыз илим жана маданият үйү, Бишкекте Орусиянын Илим жана маданият борбору уюштурулат. Буга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, маданий борборлорду уюштуруунун негизги максаты - эки жактуу кызматташтык программаларын жүзөгө ашыруу, эки өлкөнүн ички жана тышкы саясаты, эки элдин турмушунда болгон окуялар, алардын маданияты жана тарыхы менен тааныштыруу, өз ара байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү, илимий жана маданий мекемелер менен уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү.

Маданий борборлорду курууга жер тилкесин бөлүү, имаратты ижарага берүү, кызматтык жана турак жай имараттарын таап берүү шарттары да камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан