Өкмөт башчы коррупцияга каршы күрөштү Жол-кайгуул кызматынан баштоо керектигин айтты

Өкмөттө бүгүн, 9-декабрда Антикоррупциялык кеңештин жыйыны өттү. Жыйында премьер-министр Темир Сариев: “Электрондук өкмөттү ишке киргизүүдөбүз, ал натыйжалуу электрондук тейлөө көрсөтүүгө, коррупцияга шарт түзүүчү түрдүү ортомчулардын байланышын жоюуга мүмкүнчүлүк берет. Жалпысынан 19 мамлекеттик органда коррупциялык схемаларды жоюу боюнча пландар иштелип чыккан, бул багыттагы иш-чаралардын саны 1158ге жетет”,- деп билдирди.

Премьер-министр тоо-кен тармагында акыркы эки жылда мамлекеттик бюджетке аукциондорду жана сынактарды өткөрүү эсебинен гана 7 миллиард сом түшкөнүн айтты.

"Өлкөдө артыкчылыктары жоюлган жана баасы арзандатылган жаңы автоунаа номурлары киргизилүүдө. Камсыздоо төлөмдөрүн башкаруу ишин башка бир органга өткөрүү боюнча чаралар көрүлдү. 2016-жылдан тарта экспорттук операцияларда сатыктан салыкты баскыч-баскычы менен алып салууга өтүп, кийин накталай эмес операцияларды алып салууга өтөбүз. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы менен соода жүргүзүүнүн айкындуулугун жогорулатуунун бардык процесстери кескин түрдө кайрадан каралат. Сатык жана сүйлөшүү жүргүзүү процедурасына адамдык фактордун кийлигишүүсү жокко чыгарылат”,- деди өкмөт жетекчиси.

Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү паракорчулук көп кездешкен Жол-кайгуул кызматынан, Мамлекеттик каттоо кызматынан, фискалдык органдардан, билим берүү жана медициналык мекемелерден баштай турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан