"Жыйынга катышпай жаткан депутаттардын айлыктарынын ондон бир бөлүгү кыскартылат",- деп айтты төрага Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин 9-декабрдагы жыйынында. Бүгүнкү жыйынга жалпы 120 депутаттын 30га жакыны гана катышып жаткан. "Бир бол", "Республика-Ата Журт" фракцияларынын депутаттарынын бири да жыйында жок болсо, калган төрт фракциядан 6-7ден гана депутат катышып жаткан. Күн тартибине 12 маселе киргизилсе, депутаттар анын баарын саат 13:05ке чейин карап бүтүп, залдан чыгып кетишти.