4 жыл мурун Казакстандан алынып келинген уулуу көмүр жок кылына элек

Кыргыз мамлекетине 2011-жылы Казакстандан алынып келинген радиоактивдүү көмүр жок кылына элек. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 9-декабрда "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдиргендей, уулуу көмүр иши сотто каралууда, акыркы чечим чыга элек.

"Катачылыктан улам өлкөбүзгө 800 тоннадай радиоактивдүү көмүр кирип кеткен. Биздеги демократиянын шарапаты менен бул окуя абдан чоң чуу жараткан. Негизи, текшерүү учурунда радиациялык фон нормадан бир аз ашыкча болуп чыккан. Аталган көмүр төгүлгөн бойдон турат, аны адистер кайра текшерип чыгышы керек. Эгерде адамдын өмүрүнө коркунуч болбосо, аны жагып салышыбыз керек. Өмүргө коркунучу болсо, анда көмүүгө туура келет",- дейт Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан