Жазык-аткаруу кызматында иштегендерге берилүүчү азык-түлүк өлчөмүн аскер кызматкерлериники менен теңдештирүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште Жазык-аткаруу кызматында иштегендерге кошумча берилүүчү азык-түлүк өлчөмүн (паёк) камсыз кылуу чараларын жөнгө салууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жазык-аткаруу кызматынын жетекчилигинин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу Жазык-аткаруу кызматында иштеген кызматкерлердин азык-түлүк чен өлчөмүн аскер кызматкерлериники менен теңдештирүү, ошондой эле азык-түлүк ордун акча каражаты менен алмаштыруу демилгеси сунушталууда.

Мыйзамга ылайык, Жазык-аткаруу кызматында иштеген кызматкерлердин азык-түлүк өлчөмү өкмөт тарабынан аныкталууга тийиш. Демилгечилердин пикиринде, азык-түлүк өлчөмүн көбөйтүү чаралары кызмат адамдарынын иш натыйжалуулугун арттырууга түрткү берет. Анткени алардын эмгек акысы кыйла төмөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан