Каржы министрлиги 2015-жылкы каржылык операцияларды жыйынтыктоо тууралуу буйрук чыгарды

Каржы министри Адылбек Касымалиев "2015-каржылык жылды аяктоо жөнүндө" буйрукка кол койду. Документке ылайык, быйылкы жылдын 31-декабрында 2015-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин аткаруунун алкагында каржылык операциялар аяктайт.

"Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгына 2015-жылдын декабрына республикалык бюджеттин кирешелеринин, ресурстарынын жана бюджеттик чыгымдарынын теңделген каржылык планын берүү милдеттендирилди. Башкармалыктардын жетекчилерине бюджеттик мекемелерди каржылоо үчүн зарыл болгон документтерди өз убагында берүү жана өлкө президентинин жана өкмөттүн резервдик фонддорунан башкасы 2015-жылдын 25-декабрына чейин Борбордук казынага бюджеттик реестрлерди бериши керек",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан