"Баары коррупция жөнүндө сөз кылышат, бирок пара алуу фактылары боюнча арыздар көп деле түшпөйт" дейт башкы прокурор

"Баары коррупция жөнүндө сөз кылышат, бирок пара алуу фактылары боюнча арыздар укук коргоо органдарына көп деле түшпөйт",- деди бүгүн, 9-декабрда коррупция менен күрөшүүгө арналган илимий-практикалык жыйында башкы прокурор Индира Жолдубаева.

"Көп учурда "кир" жашыруун каттар же атайылап кимдир бирөөнү каралоолор орун алат. Адамдар аларга белгилүү фактыларды жашырып, күч органдарынын өкүлдөрүнө жардам беришпейт. Демек, калк менен керектүү байланыш жок. Ошондуктан укук коргоо органдары бул багытта иш жүргүзүшү керек: туура ыкчам иликтөө иш алып баруу, тергөө менен иштешүү жана сотто мамлекеттик айыптоо менен өз ара иштешүү зарыл. Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз",- деди башкы прокурор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан