Мамлекеттик ипотекалык компания 2016-жылдын январында бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине насыя берүүнү баштайт. Муну 9-декабрда премьер-министр Темир Сариев билдирип, октябрда министрлер кабинети жеткиликтүү турак жай программасын бекиткенин айтты.
"Январдан тарта бала бакча тарбиячыларына, мугалимдерге, медицина, аскердик, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине насыя берүүнү баштайт. Турак жайга ат салышкандар дыкат тандалат, тийиштүү критерийлер түзүлдү. Батирлер чыныгы үйгө муктаждарга берилиши керек",- деди Сариев.
Насыялар сом менен 15 жылга чейинки мөөнөткө берилет. Батирдин 1 чарчы метринин баасы 37 500 сомдон ашпашы керектиги айтылды. Аталган компания Экономика жана өнөр жай министрлигинин имаратында жайгашат. Учурда мекеменин кызматкерлеринин саны такталууда.