Премьер-министр Темир Сариев 9-декабрда Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ци Даюй менен жолугушту. Сариев кыргыз тарап эл аралык уюмдар алкагында Кытай менен кызматташууга чоң маани берерин белгилеп: "Кытай тарап менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор кыргыз мамлекети үчүн өзгөчө социалдык мааниге ээ. Өз ара пайдалуу жана натыйжалуу кызматташуу биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу туруктуу мамилелерди камсыздоого негиз болоруна ишеним билдиребиз",- деди.
Жолугушууда премьер-министр Темир Сариевдин Кытайга болчу алдыдагы расмий сапарында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлары белгилүү болду. "Бул биздин өлкөлөр аралык элчилик мамилелер жөнгө салынгандан берки Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин үчүнчү расмий сапары болуп саналат. Биз кыргыз-кытай кызматташуусуна чоң маани беребиз",- деди элчи.
Премьер-министр 14-17-декабрда Кытайда иш сапары менен болуп, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.