Быйыл кышында электр энергиясын атайын мезгил-мезгили менен өчүрүүлөр болбойт. Энергетикалык тармакта мурдагыдай тартыштыктар орун албайт. Бул тууралуу экономика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков 9-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 669 көмүр кампалары иштеп жатат. “Жергиликтүү көмүр запасы дээрлик 40 жылдан ашык мезгилге жетет. Андыктан Бишкек ЖЭБи 2017-жылдан тартып жергиликтүү көмүрдү колдонууга басым жасай баштайт. Ошондо керектеле турган көмүр запасы жылына 2 миллион тоннадан кем өндүрүлбөш керек”,- деди Садыков.