Бүгүн режиссёр, Кыргыз ССРинин Искусствого эмгек сиңирген ишмери Бектен Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өтөт

Бүгүн, 10-декабрда режиссёр, Кыргыз ССРинин Искусствого эмгек сиңирген ишмери Бектен Абдылдаевдин сөөгү жерге берилет. Аны менен коштошуу зыйнаты Сокулук районундагы Жал айылында болот. Зыйнатка Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, искусство өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер менен жакындары катышат. Андан кийин Бектен Абдылдаевдин сөөгү Жал айылында жерге коюлат. Абдылдаев 8-декабрь күнү 75 жашында көз жумган.

Бектен Абдылдаев 1940-жылы туулган. Ал 1970-жылы Москва мамлекеттик университетинде билим алып, режиссёрдук кесипке ээ болгон. 1991-жылы Чүй облустук драма театры негизделип, ошол жакта эмгектене баштаган. 1995-жылы чыгармачылыктагы жетишкендиктери үчүн ага "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылган. Режиссёрдук иши боюнча 2007-жылы Жалил Абдыкадыров атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. 2009-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан