Депутат Зиядин Жамалдинов бүгүн, 10-декабрда парламент жыйынында "өкмөт кышка даяр эмес экен" деп айтты. Өкмөттүн кышка карата даяр эместигин депутат бүгүн Бишкек шаарында жааган кардын тазаланбай жатканынан байкоого болорун белгиледи. "Өкмөт мүчөлөрү парламентте отчёт берип жатканда "кышка карата 100 пайыз даярбыз" дешкен. Бүгүн Бишкек шаарындагы жолдор жааган кардан тазаланбай турат. Эртең менен жол тазалаган бир да техниканы көрө алган жокмун",- деди депутат.