Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында депутат Акылбек Жапаров көрүстөн көйгөйүн өкмөттүк деңгээлде чечүүнү сунуштады. Депутат көрүстөнгө берилчү жерлерди атайын токтом менен бекитүү керек деген пикирде.
"Көрүстөнгө жер бөлүп берүү маселеси Бишкекте эле эмес, район борборлорунда, айылдарда курчуду. Көйгөй айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде чечилбей калды. Бишкек шаары менен Чүй облусунун деңгээлинде да чечилбейт. Өкмөт бир токтом чыгарып, көрүстөнгө берилчү жерлерди аныктап коюу зарыл. Жакыны каза болуп мүңкүрөп турган жарандарыбыз "Маркумду кайда көмөбүз?" деп ойлонуп кыйналбашы керек",- дейт депутат.
Эскерте кетсек, маркумдун сөөгүн жайына коюу үчүн жер тилкесин акысыз берүүгө багытталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 3-окууда добуш берүүгө жиберген.