2015-жылы өлкөдө 575 имамдын билимин жогорулатуу максатында 29 тренинг өткөрүлдү

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Мусулмандар дин башкармалыгы 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Анда муфтий Максатбек ажы Токтомушев сөз алып, 2015-жылы аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Ал алгач терроризм, радикализм жана экстремизмге каршы коом жапа тырмак күрөшүүсү керек экенине, Дин башкармалыгы бул багытта бир катар иштерди аткарганына токтолду. Маалым болгондой, жыл ичинде имамдардын радикализм, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүдө чеберчиликтерин жогорулатуу максатында 29 тренинг орун алган. Ага жалпысынан 575 имам катышкан. Ошондой эле медреселердин тарбиялануучулары үчүн 18 тренинг өткөрүлүп, ага 920 жаран катышкан. Облустук казыяттар тарабынан 468 түшүндүрүү иштери өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан