"Центерра" 18 жыл ичинде "Кумтөрдөн" 320 тонна алтынды алып чыгып кеткени айтылды

"Канадалык "Центерра" ишканасы 18 жыл ичинде "Кумтөрдөн" 320 тонна алтынды алып чыгып кетти",- деди депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында. "Кумтөр" маселесине токтолгон депутат "Центерра" кыргыз өлкөсүнө ар кандай төлөмдөр менен 29 тонна гана алтын калтырганын белгиледи.
Алтыбаева өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып: "Бул казылган алтындын 11 пайызына да жетпейт. "Кумтөрдөгү" алтын элдин байлыгы да. Ошондуктан өкмөт бул боюнча эмне иш жасап жатат? Мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "Кумтөрдөгү" үлүштү 50х50 пайыздан бөлүүгө макул болбой туптуура кылыптырбыз, бизди Кудай сактаптыр" деген болчу. Азыр мекемелер аралык комиссия түзүү боюнча сүйлөшүүлөр эмне болуп жатат?"- деп суроо салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан