Мырзабек Жыпаркулов өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун бүгүн, 10-декабрда өкмөттөн билдиришти.
Өкмөт башчынын башка буйругу менен аталган инспекциянын башчысынын орун басарлыгына Марат Таиров дайындалды.