Депутаттар улуттук валютанын кунун турукташтыруу багытында көрүлүүчү ыкчам чаралардын долбоорун талкуулап жатышат

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеште "Улуттук валютанын курсун турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын доллардан арылтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомдун долбоору каралууда. Талкууга вице-премьер-министр Олег Панкратов баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, мыйзам долбоору боюнча депутат Акылбек Жапаров баяндама жасап жатат. Суроо-жооп учурунда депутат Максат Сабиров: "Жөнөкөй жарандар "Өкмөт бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине гана сом менен насыя бере баштайт экен. Эмнеге бизге бербейт?" деп нааразы болуп жатышат",- деп айтты.

Жапаров Улуттук банк жеке банктар менен биргеликте алгач ким насыя алганын аныктап чыгышы керектигин айтты. Жапаров насыя берүүнү доллардан сомго которууга 40 миллион доллар керек болорун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан