Президент менен каржы министри 2015-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышын талкуулашты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-декабрда каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алып, 2015-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышы, киреше менен чыгашанын теңдештирилген планы камтылган 2016-жылдын бюджетинин долбоору боюнча анын маалыматын укту. Министр мамлекеттик каржыны башкарууну оптимизациялоо жана эффективдүүлүгүн көтөрүүгө көрүлгөн чаралар, бюджеттик процесстердин ачыктыгы жөнүндө да маалымат берди.

Алмазбек Атамбаев бюджетти так аткаруу, бардык багыттар боюнча жарандардын алдындагы социалдык милдеттенмелерди өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан