"Акча алмаштыруучу жайлар жабылса да, доллардын курсу түшпөйт". Муну Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Улуттук банк жакында акча алмаштыруучу жайларды жабуу сунушу менен өкмөткө кайрадан кайрылганын билдирди. "Акча алмаштыруучу жайларды жаап салып, банктардын санын көбөйтүү керек, анткени ал жайлар көмүскө экономика менен иштешет. Доллардын туруксуздугун пайда кылышат, алардын табияты ошондой. Анан да өлкө боюнча жалпы 1000ге жакын акча алмаштыруучу жай болсо, 300ү гана патент менен иштейт. Аларга карата айып пулдун көлөмү болгону 1500 сом, анын көлөмүн көтөрүү керек. Биз азыр аларга атайын биригип экономикалык институт ачкыла деп сунуштап жатабыз",- деди Абдыгулов.
Депутат Алтынбек Сулайманов жеке банктардын саясатын колдоп, эркин экономикага карата кысым жасалып кала турганын айтты. "Тескерисинче, курстун туруксуздугун коммерциялык банктар жасашты. Акча алмаштыруучу жайларды жаап, элди банктарга байлап бергиңер келип жатат, жаппаш керек",- деди Сулайманов.