Депутат Чолпон Султанбекова бүгүн, 10-декабрда “Парламент” радиосуна берген маегинде менчиктештирилип кеткен спорт объектилерин мамлекеттин эсебине кайра кайтарып алууга келгенде иштин ылдам кетпей жатканын сынга алды. Депутат ар бир облус менен райондордун борборлорунда мыкты шарты бар спортзалдар салынышы керектигин да кошумчалады. Ошондой эле спортто мыкты жетишкендиктерге ээ болуп, бирок мамлекеттик кызматта иштеген жарандарыбыздын машыгуу, таймаш иштерине катышып туруусуна жетиштүү шарт түзүү керектигин белгиледи.