“Айыл банк” жана “РСК банктын” жетекчилерин жоопко тартууну депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште көтөрдү. Анын билдиришинче, аталган эки банк 2015-жылы айыл чарбасы үчүн насыяга бөлүнгөн акчаны дыйкандарга берген эмес.
“Айыл банкта” 600 миллион, “РСК банкта” 700 миллион сом бар. Ал акчалар дыйкандарга насыяга берүү үчүн бөлүнгөн. Бирок банктар ар кандай тоскоолдуктарды жасап, бербей келишет. 2015-жылы бериш керек болсо, бул жыл да аяктап жатат. Ошондуктан токтом долбооруна аталган эки банктын жетекчилерин жоопко тартуу боюнча сунушту киргизем. Жооп беришсин, акчаны катып алып жүрө беришеби?"- деди депутат.