Жогорку Кеңеште Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча келишим каралууда. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин билдиришинче, 15-декабрда Казакстан ушул документтин негизинде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча келишимдерге кол коёт. Төрага Асылбек Жээнбеков келишимди кыргыз өкмөтү өзү даярдап жаткандыктан, жоопкерчиликти алышы керектигин айтты. "Өкмөт бардык жоопкерчиликти мойнуна алса, парламент колдоп берет",- деди. Ага чейин башка депутаттар Кожошевге кайрылып, "Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирсе, мамлекетибиз канчалык зыян тартат?" деген суроону беришкен. Министр: "Казакстан уюмга кирсе, биздин өлкөнүн өндүрүшү 10 пайызга төмөндөйт",- деп жооп берген.
Келишимди 6 фракция жана 3 комитет карап чыгып, макулдугун берген.