Жогорку Кеңеште депутаттар жардамчыларынын биринен баш тартуу боюнча кайрадан талашып-тартышууда

Жогорку Кеңеште депутаттардын жардамчыларынын биринен баш тартып, анын ордуна катчылардын санын көбөйтүүгө багытталган токтом долбоору кайрадан каралып жатат. Токтом долбоору боюнча түшүндүрмө берген Канатбек Исаевдин айтымында, фракцияларга катчыларды бөлүштүрүүдө пропорционалдык өкүлчүлүк эске алынган жок.
"Буга чейин ар бир фракцияда 5тен катчы болсо, алардын саны өстү. КСДПга 18, "Республика-Ата Журтка" 15, "Кыргызстанга" 11, калган фракцияларга 10дон катчы берилип жатат. Пропорционалдык өкүлчүлүк сакталган жок, себеби депутаттын саны аз фракцияларды колдоого алалы деген сунуштун негизинде ушундай чечимге келдик",- деди Исаев. Токтом долбооруна ылайык фракциялар катчылардын санын көбөйтүп, 120 жардамчыдан баш тартышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан