Депутаттар бирден жардамчыларынан баш тартышты

Жогорку Кеңештин депутаттары бирден жардамчыларынан баш тартышты. Буга байланышкан токтом долбоору парламенттин 10-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Токтом долбооруна 68 депутат "макул", 33 депутат "каршы" деп добуш берди. Буга чейин Жогорку Кеңештеги 6 фракция тең макулдук берип, лидерлери кол коюшкан.
Токтом долбооруна ылайык, депутаттар бирден жардамчыдан баш тартышканы менен, ар бир фракцияга бөлүнгөн катчылардын саны көбөйтүлөт. КСДПга 18, "Республика-Ата Журтка" 15, "Кыргызстанга" 11, калган фракцияларга 10дон катчы берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан