Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо маселеси каралууда. Учурда талапкерлерге өз программалары менен тааныштыруу үчүн 5 мүнөттөн убакыт берилип, программаларын тааныштырып жатышат. Андан соң суроо-жоопко өтүшөт.
Акыйкатчыны шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу өтөт. Ал үчүн 12 депутат кирген эсептөө комиссиясы түзүлдү.
Аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин, "Республика-Ата Журт" Атыр Абдрахматованын, "Бир бол" Нурланбек Жээналиевдин, "Кыргызстан" фракциясы Канатбек Турганбековдун талапкерлигин көрсөткөн.