Акыйкатчы кызматына талапкер Жамгырчиева: "Өлкөбүздүн айрым жарандары өз укуктарын коргой алышпайт"

"Өлкөбүздүн айрым жарандары өз укуктарын коргой алышпайт",- деди акыйкатчы кызматына талапкер Гүлнара Жамгырчиева Жогорку Кеңеште депутаттарды өз программасы менен тааныштырып жатып. Анын билдиришинче, ушул убакытка чейин өз укугун коргой албай калган 50дөй жаран Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган.
"Аталган комитет кайрылган 50дөй жарандын маселесин карап, анын ичинен 16 жарандын укугу боюнча Кыргыз Республикасына карата каршы чечим кабыл алган. Ошондуктан жарандардын укуктарын коргоону көтөрүү керек. Ал үчүн аймактарга Акыйкатчы институтун ачуу керек. Институттун кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүү үчүн окуу курстарын уюштуруп, укук бузууларды болтурбоо үчүн колл-борбору болушу керек. Ошондой эле институттун кийинки жылдарга карата стратегиялык планы болушу зарыл. Акыйкатчы институтунда 2013-жылдан бери стратегиялык план жок болгон. Биз планды түзүп чыктык",- деди Жамгырчиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан