Акыйкатчы институтунун өкүлү: "Түрмөлөрдүн имараттары талапка жооп бербей калды"

"Кыргыз мамлекетинде адам укугун коргоо багытындагы мыйзамдар жетиштүү. Бирок мыйзамдын күчү - анын аткарылышында". Мындай пикирди бүгүн, 10-декабрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде депутат Тынчтык Шайназаров билдирди. “Бардык тармактарда мыйзамдар бар, болгону аларды так аткаруу милдети турат. Жоопкерчиликтүү мамиленин ар бир эле учурда эске алына бербегендиги айрым жарандарыбыздын укуктарын коргоого келгенде туура эмес чечимдердин чыгышына себепчи болуп калууда”,- дейт депутат.

Шайназаров акыркы мезгилде жаш балдарга карата күчөп бараткан зордук-зомбулуктардын алдын алуу үчүн жаш балдарга кыянаттык кылган зөөкүрлөргө өлүм жазасын токтоосуз киргизүү керектигин белгиледи.

Акыйкатчы институтунун абактагы адамдардын укуктарынын сакталышына көзөмөлдүк кылуу бөлүмүнүн башчысы Камалдин Жапаров буларга токтолду:

“Мыйзам боюнча, кылмышка шектелгендер 10 күндөн ашык убактылуу кармоочу жайда отурбашы керек. Бирок Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында тергөө изоляторлору жок болгондуктан, алар Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайларына топтолууда. Абактардын имараттарынын абалы да заман талаптарына жооп бербей калды”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан