Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлай алган жок

Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-декабрда акыйкатчыны шайлай алган жок. Эсептөө комиссиясы акыйкатчыны шайлоо боюнча 3-турдун жыйынтыгын чыгарып, Атыр Абдрахматованын талапкерлигине 69 депутат "каршы", 46 депутат "макул" деп добуш бергенин жарыялады. Үч тур тең жашыруун добуш берүү аркылуу өттү.

Айта кетсек, аталган кызматка "Ата Мекен" фракциясы Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун, КСДП Гүлнара Жамгырчиеванын, "Өнүгүү-Прогресс" Мурат Жетимишбаевдин, "Республика-Ата Журт" Атыр Абдрахматованын, "Бир бол" Нурланбек Жээналиевдин, "Кыргызстан" фракциясы Канатбек Турганбековдун талапкерлигин көрсөткөн. Аталган кызматка ат салышкандар өз программалары менен тааныштыргандан кийин Мурат Жетимишбаев талапкерлигин алып салган.

1-турдун жыйынтыгында Гүлгаакы Мамасалиева 28, Атыр Абдрахматова 23 добуш алып, 2-тур жарыяланган. 2-турда Абдрахматова 34 добуш алып, 3-турга өткөн. Соңку турда анын талапкерлигине 46 депутат "макул", 69 депутат "каршы" деп добуш берип, шайланбай калды. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп, депутаттар саат 21:15ке чейин иштешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан