Депутаттар ипотекалык насыяны аймактардагы мугалимдерге пайызы жок берүүнү сунушташууда

"Ипотекалык насыяны жаш үй-бүлөлөргө берүү керек",- деп айтты депутат Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын бүгүнкү жыйынында. Депутат Мамлекеттик ипотекалык компания аны менен бирге жаш адистерди да үй менен камсыз кылуу керектигин белгиледи. Башка депутаттар аймактарда иштеген мугалим, дарыгер, аскер адамдарына насыяны пайызы жок берүүнү көтөрүштү.
"Аймактарда жашагандарга эмес, кадрларга пайызы жок беришибиз керек. Бирок ал кадр насыяны алгандан кийин 10 жыл иштеши кажет. Алгандан кийин иштебей койгондой болбошу керек. Албетте, мамлекетте акча болсо, баарына эле берсек болмок",- дешти депутаттар.

Жыйында "Жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан