Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 11-15-декабрь күндөрү иш сапары менен Түркмөнстан, Кувейт жана Катар мамлекеттерине барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө башчы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, "Нейтралитет саясаты: Тынчтык үчүн эл аралык кызматташтык, коопсуздук жана өнүгүү" аталышындагы конференциянын ачылышына катышат. Ошону менен бирге Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушат.
12-14-декабрда Кувейт мамлекетинде болуп, Кыргыз-кувейт инвестициялык форумуна катышат.
Ал эми 14-15-декабрда Катардын эмири менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.