Өкмөт. Доллар курсунун кескин өсүп кеткенине байланыштуу быйылкы карыздарды төлөө көлөмү 345 миллион сомго көбөйдү

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында өкмөт тарабынан сунушталган "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев баш болгон мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Каржы министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү ыргагы 2015-жылдын бюджетине айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болду. “Бюджеттин киреше бөлүгү 6 миллиард 46 миллион сомго көбөйтүлүү менен, жалпы бюджет 117 миллиард 577 миллион сом көлөмүндө аныкталууда. Анын ичинде салык кирешеси 74 миллиард 712 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Тескерисинче, салыктык эмес киреше көлөмү 31 миллиард 130 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миллиард 644 миллион сомго көбөйдү”,- дейт каржы министри Адылбек Касымалиев.

Ал эми 2015-жылдын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү 133 миллиард 636 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 30,5 пайызын түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 миллиард 222 миллион сомго азая турганы белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 330 миллион доллар өлчөмүндө белгиленип, ал ички дүң өнүмдүн 53,7 пайызын түзөт. Доллар кунунун кескин өсүп кеткенине байланыштуу быйылкы карыздарды төлөө көлөмү 345 миллион сомго көбөйдү.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Экономикалык өнүктүрүү фондунун чыгымдары барган сайын өсүп жатканын, карыздарды тейлеген мындай түзүмдүн кереги деле жоктугун белгилесе, депутат Иса Өмүркулов мамлекеттик ишканалардын кирешесинин 50 пайызын бюджетке алуу талабы алардын андан өнүгүүсүнө жолтоо болуп, банкротко учуроосу мүмкүн экенин айтты.

Ал эми депутат Галина Скрипкина сунушталган 2016-жылдын бюджетинин долбоору менен бюджет болжолунун ортосундагы көрсөткүчтөрдө бири-бирине коошпой турган кыйла айырмачылыктар бар экенин билдирди. Депутаттын пикиринде, өлкөнүн экономикалык саясатын аныктаган башкы каржы документинде мындай чоӊ айырмачылыктар менен баш аламандыктар болбошу керек.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштары менен пикирлери эске алынуу менен "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан