Өкмөттүн Ош облусундагы мурунку өкүлү Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-декабрда кол койду.
Ал эми Бакытбек Сагынбаев Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ош облусун 2012-жылдан бери жетектеп келген С.Жээнбеков кечээ, 10-декабрда кызматтан алынган эле.