Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза” долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.
Өлкөнүн эң ири электр станциясы болуп эсептелген Токтогул ГЭСи 1975-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери электр кубатын өндүрүү агрегаттары алмаштырылбагандыктан, өз ресурсун эбак эле өтөп бүткөн. Анын кубаттуулугу - 1200 МВт. Өлкөдө иштелип чыккан электр кубатынын 40 пайызын өндүрөт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Айбек Калиев билдирди.
Белгилей кетсек, бул долбоорду каржылоонун жалпы көлөмү - 250 миллион доллар. Анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы 110 миллион долларын берет: 44,5 миллион доллары - грант, 65,5 миллион доллары -жеңилдетилген насыя. Насыя каражаты 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт бүткөндө анын үстөк пайызы 1,5 пайыз болот.
Ал эми Евразия өнүктүрүү банкы жеңилдетилген насыя түрүндө 20 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 100 миллион доллар каражат берүүдө. Андан сырткары Кыргыз Республикасы кошо каржылоо үчүн салык жана алымдардан бошотуу түрүндө 40 миллион доллар кошууга тийиш. Токтогул ГЭСин толугу менен калыбына келтирүү иштери аяктаса, анын кубаттуулугунун 20 пайызга чейин өсөрү күтүлүүдө.
КСДП фракциясы ратификациялык мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.