Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жапалак аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылында болуп, жаңы спорттук залы жана ашканасы курулган Мырзаев атындагы мектептин абалын көрдү.
Биринчи вице-премьер шаардын Мамыров көчөсүндөгү 6000 метр кубдук жаңы суу кампасынын, Туран кичи районундагы от казандын иши менен да таанышып, Ош шаарында кышка даярдык көрүү ишин жогору баалаганын билдиришти өкмөттөн.
Эскерте кетсек, Аалы Карашев кечээ Нарын облусуна иш сапары менен барып, Миң-Куш айылында жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн абалын көргөн.