11-декабрда Ашхабад шаарына жасаган иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташуусунун өз ара кызыкчылык туудурган тармактарындагы маселелер талкууланды.
Президент Атамбаев Бердымухамедовго Түркмөнстанга келип, “Бейтараптуулук саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” конференциясына катышып кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Түркмөнстан БУУ нейтралитетин бекиткен биринчи мамлекет болуп саналат. Түркмөнстан туура тандоо жасагандыгын акыркы 20 жыл көрсөттү. Мамлекет ийгиликтүү өнүгүп, өзүнүн экономикалык өнүгүшүнө таянып, коңшу өлкөлөргө да колдоо көрсөтө алат”,- деп Атамбаев Бердымухамедовго эл аралык конференцияны ийгиликтүү өткөрүшүн каалады.
Өз кезегинде Бердымухамедов Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз-түркмөн мамилелеринин ырааттуу өнүгүп жатканын канааттануу менен билдирди. "Сиздин бул конференцияга келгениңизге кубанычтамын. Сиздин эл аралык аренадагы көз карашыңыз биз үчүн абдан баалуу. Сиздин ар дайым демилгелерибизди колдогонуңуз бизди абдан кубандырат. Эл аралык конференцияда регионалдык жана глобалдык деңгээлде кызматташуу маселелерин талкуулаганга жакшы мүмкүнчүлүктөр болот",- деди Гурбангулы Бердымухамедов.
Түркмөнстандын президенти Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапары, конструктивдүү диалог жүргүзгөндүгү тууралуу жакшы эскерүүлөр калгандыгын эске салды. “Эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү үчүн биз дагы көп иштерди жасашыбыз керек”,- деп баса белгиледи ал.
Тараптар эки мамлекеттин ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ишенимин билдиришти.