Алмазбек Атамбаев "Бейтараптуулук саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” аттуу конференцияга катышууда

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-декабрда Түркмөнстанга жасаган иш сапарынын алкагында "Бейтараптуулук саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” Эл аралык конференциясынын ачылыш аземине катышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, конференциянын башталышында делегация жетекчилери Түркмөнстандагы Нейтралитет монументине гүл коюшту. "Бейтараптуулук саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” аттуу конференциянын катышуучулары биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин иш-чаранын расмий ачылышы болду.

Конференцияны Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов салтанаттуу сөз сүйлөө менен ачты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан