Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернатта адамдардын өлүмүнө алып келген трагедияга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу 13-декабрда президенттик аппараттан билдиришти.
Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын элинин атынан көңүл айтып, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айткан сөздөрүн жолдоду.