LG Electronics компаниясы ачылып жабылма үлгүдөгү телефондорду пайдаланууну жактырган колдонуучулар мууну үчүн атайын жасалган жаңы гибрид смартфонун сунуштайт.
LG Wine Smart колдонууга ыңгайлуу сенсордук экран жана кубаттуу программалык камсыздоону өзүнө камтыйт. Өткөн жылы Кореяда пайда болгон LG Wine Smart смартфонунун оригинал версиясына берилген оң баага байланыштуу LG компаниясынын өкүлдөрү смартфонго жаңыча мультимедиялык функцияларды кошуу менен акыркы үлгүнү оптимизациялады жана функционалдык телефондон смартфонго өтүүгө жүрүш жасады.
LG Wine Smart жаңы Android 5.1.1 Lollipop оперативдик системинде иштеп, татаал колдонмолордун ишке жеңил кирүүсүн кепилдендирет. Смартфонду оптимизациялоо жана ачылып жабылма телефондордун күйөрмандарын таасирлентүү үчүн LG аны санариптик 3x4 клавиатурасы менен жабдыды, текст жазуу абдан ыңгайлуу. Көп колдонулган функциялар: тез чалуу, дарек китепчеси, тексттик маалымат же камерага көз ирмемдик убакытта жетишүү мүмкүнчүлүгү бар.
LG Wine Smart жайгашкан жери жана чукул жардам өтүнүчүн билдирүү менен алдын ала тандалган номурга смартфондун өз алдынча СМС жиберүүсүнө мүмкүндүк берүүчү "Safe Keeper" функциясы менен жабдылган.
"LG Wine Smart смартфонун жасоодогу максатыбыз - ачылып жабылма телефондордун күйөрмандарын таасирлентүү жана кубандыруу. Колдонуучулар революциялык смартфонду өткөрүп жибербеши керек. LG Wine Smart аларды укмуш кубантат",- деп билдирди LG Electronics Mobile Communications Company компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Чо Уно.
LG Wine Smart гибрид смартфонун «Планета GSM» дүкөнүнөн сатып ала аласыз. Сунушталган баасы: 11 900 сом.