Президент Алмазбек Атамбаев 13-декабрда Кувейттин Улуттук ассамблеясынын төрагасы Марзук аль-Ганем менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда мамлекет башчыга Кувейттин парламентинин иши, анын мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасири тууралуу маалымат берилди. “Биз кыргыз-кувейттик эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча бардык демилгелерди колдоого даярбыз. Биз Кыргыз Республикасына багытталып, ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлорду жана инвестицияларды колдойбуз”,- деди Марзук аль-Ганем.
Президент кыргыз өлкөсүнө тартылып жаткан инвестицияларды, кыргыз-кувейттик долбоорлорду колдоо тууралуу ниети үчүн Кувейт парламентине ыраазычылык билдирди. “Биз сизди кыргыз жерине иш сапары менен келип кетет деп күтөбүз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчы Кыргыз Республикасы парламенттик демократия жолун тандап алганын жана мамлекет мындан ары дагы ушул багытта өнүгүүгө ниеттенгенин белгиледи.