Темир Сариев иш сапары менен Кытайга учуп кетти

Премьер-министр Темир Сариев 4 күндүк иш сапары менен Кытайга учуп кетти. Өкмөттөн бүгүн, 14-декабрда билдиришкендей, Сариев 15-декабрда Чжэнчжоу шаарында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышмакчы. ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары уюмдун келечегинин өнүгүү багыттарын талкуулап, бир катар документтерге кол коюлат. Премьер-министрдин уюмга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары менен жолугушуулары пландалган.

16-декабрда премьер-министр II Дүйнөлүк интернет-конференцияга катышат.

Мындан тышкары Пекин шаарында Кытайдын жогорку жетекчилиги менен жолугушат. Бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан