Малды паспорттоштурууга 2016-жылдын республикалык бюджетинен акча бөлүү зарылдыгы айтылды

Бүгүн, 14-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Маалыматка таянсак, 2016-жылы мамлекеттин жалпы кирешеси 141 миллиард 433 миллион сом, чыгымы 163 миллиард сом өлчөмүндө белгиленген. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом, чыгымы 146 миллиард 853 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. Республикалык бюджеттин тартыштыгы 2016-жылы 22 миллиард 453 миллион сомду түзөт.

Кийинки жылдын бюджетин жумшоодо техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө басым жасалып жатканы айтылды. Комитет төрагасы Мирлан Бакиров малды идентификациялоо процесси ишке ашырылмайынча эт, сүт продукцияларын экспортко чыгаруу мүмкүн эместигин айтып, каржылык документтин долбооруна келерки жылдын бюджетинен идентификациялоонун биринчи этабын каржылоону киргизүүнү сунуш кылды. Депутаттар жер семирткич менен камсыздоо, өлгөн малдарды жана жараксыз жүндөрдү жок кылууда тиешелүү талаптарга жооп бергидей чараларды көрүү жана алардын каржылык маселелерин такташты.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан